«Манас» эл аралык аэропортунда реконструкциялоонун негизги иштери аяктагандан кийин аймакты кошумча жашылдандыруу пландалууда. Жаңы бак-дарактарды жана газондорду күзгө маал отургуза башташат. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын инфраструктура жана регионалдык өнүктүрүү боюнча директору Алтынбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, кошумча жашылдандыруу иштери долбоордун алкагында салынган жаңы жолдун бойлоруна жүргүзүлөт.

«Ноябрь айынан баштап дал ушул жашылдандырууну баштоону пландап жатабыз. Кийинки жылга карата жаңы жол дагы толугу менен жашылга бөлөнүп калат», — деди Алтынбек Мамбетов.

Фото 24.kg. «Манас» аба майданынын аймагына жаңы бак-дарактар отургузулат

«Кыргызстан аэропорттору» ААКтын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов аэропортту реконструкциялоо учурунда бак-дарактарды болушунча сактап калууга аракет кылышканын белгиледи.

«Бирок жолду бойлой кыртыш (топурак) жаткан бардык жерлер жашылдандырылат: газон төшөп, көчөттөрдү отургузабыз», — деди ал.

Манасбек Самидинов жайкы аптапка байланыштуу азырынча чоң көчөттөрдү отургузуу пландалбай турганын кошумчалады. Жашылдандыруу боюнча негизги иштер күзгө маал башталат.