Маалыматка караганда, объектини Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев текшерип чыкты.
Фото Министрлер кабинети. Аксыда Ак-Терек каналынын эки чакырымдык тоннелинин курулушу аяктады
Учурдагы жумуштун темпи менен тоннелди казып бүтүрүү 20 күндүн ичинде пландалууда. Андан кийин куруучулар объектини бетондоо жана инженердик жабдуу жумуштарына киришишет.
Ак-Терек каналын пайдаланууга берүү Кербен шаарына караштуу айыл аймактарынын айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздоону жогорулатат.
Райондо ошондой эле «Кызыл-Алма» суу сактагычы курулууда, ал кошумча 2,2 миң гектар сугат жерин жүгүртүүгө киргизүүгө мүмкүндүк берет. Жалпысынан 4 миң гектардан ашык айыл чарба жерин туруктуу сугат суу менен камсыздоо пландаштырылууда.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий