Борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, ага муниципалитеттин, Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин, БУУнун өкүлдөрү, шаар тургундары жана йога сүйүүчүлөрү катышты.

Иш-чаранын ачылышында Бишкек мэриясынын шаарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Давлетбек Түгөлбаев сөз сүйлөп, Эл аралык йога күнүн өткөрүү борбор калаа үчүн жыл сайын өтүүчү жакшы салтка айланганын белгиледи.

Анын айтымында, йога бир гана физикалык эмес, менталдык ден соолукту да чыңдоого жардам берет, ал эми шаар тургундарынын бул практикага болгон кызыгуусу жылдан-жылга өсүүдө.

«Бүгүн биз дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарды бириктирген Йоганын эл аралык күнүн белгилөө үчүн чогулдук. Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин демилгеси жана БУУга мүчө болгон 177 мамлекеттин колдоосу менен 21-июнь расмий түрдө Йоганын эл аралык күнү деп жарыяланган. Биз үчүн борбор калаанын чок ортосунда шаар тургундарын жана конокторду тосуп алуу чоң сыймык. Йога — бул жөн гана дене көнүгүүлөрү эмес, дене менен рухтун гармониясын камсыз кылган философия жана көптөгөн адамдардын жашоо образы. Жыл сайын катышуучулардын саны өсүп жатканын көрүп кубанабыз жана бардык шаар тургундарын активдүү жашоо образын карманууга, спорт менен машыгууга жана ден соолугун чыңдоого чакырабыз», — деди ал.

Иш-чаранын алкагында йога мугалими ачык машыгуу өткөрүп, көнүгүүлөрдүн топтомун көрсөттү, ага каалоочулардын бардыгы кошула алышты.

Эске салсак, Эл аралык йога күнү жыл сайын 21-июнда белгиленет. Бул майрам 2014-жылы Индиянын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан негизделген.

Йога — дене, акыл жана рухтун биримдигин символдоштурган байыркы индиялык практика. Ал ден соолукту чыңдоого, инсанды ар тараптуу өнүктүрүүгө көмөктөшүп, дүйнө жүзүндө кеңири жайылган.