Ысык-Көлдө 32 жаштагы киши көлгө чөгүп кетти
Ысык-Көл районунда 32 жаштагы киши көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Ысык-Көл районунда 32 жаштагы киши көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 15 жаштагы өспүрүм чөгүп кетти. Бул тууралуу облустук ИИБден билдиришти.
Ысык-Көлдө, Бостери айылындагы «Алтын кумдар» пансионатынын пляжына жакын жерде эки суу скутери кагылышты.
Ысык-Көл жана Соң-Көлдө өндүрүштүк максатта балык уулоого киргизилген мораторийдин мөөнөтү ушул жылы аяктайт. Окумуштуулар бул чектөөнү узартуу зарыл деп эсептешет. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун ихтиология жана гидробиология лабораториясынын башчысы Шайгүл Асылбаева билдирди.
Бүгүн,19-июнда, Ысык-Көл облусунда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин медиафоруму өтүп жатат.
Ысык-Көлдө Кырчын жайлоосуна барчу жолдун 18 чакырымы асфальтталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Балыкчы — Каракол унаа жолунда жүргөн сел кырсыгынан кийин дайынсыз болуп изделип жаткан 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Эколог жана изилдөөчү Гүлбара Оморова талаа изилдөөлөрү учурунда Ысык-Көлдүн чыгышында сейрек кездешүүчү боз турналарды жолуктурганын айтып берди.
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Ысык-Көл облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы бир катар социалдык-инфраструктуралык жана туристтик объектилерди кыдырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
Ысык-Көл жана Соң-Көлдө өндүрүштүк балык уулоого киргизилген мораторийдин мөөнөтүн дагы үч жылга узартуу тууралуу президенттин жарлыгынын долбоору коомдук талкууга коюлду.
5—14-июнда Ысык-Көлдө армрестлинг (кол күрөш) боюнча 24-Азия чемпионаты жана пара-армрестлинг боюнча 23-Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Каракол шаарында жана Ак-Суу районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин түзүлгөн кырдаал боюнча ыкчам жыйын өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Чолпон-Атада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Пакистандын лидери Асиф Али Зардаринин расмий жолугушуусу өттү. Мамлекет башчылары «Рух-Ордо» маданий борборунда жолугушуп, ал жерде ардактуу кароолдун жана этно-жоокерлердин катышуусунда салтанаттуу азем болуп өттү.
Президент Садыр Жапаров жана Албаниянын президенти Байрам Бегай бүгүн, 19-июнда анын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында сунушталган этномаданий программа менен таанышышты.
Ысык-Көл облусундагы бир катар пансионаттардын аймагында пландан тышкары текшерүүлөр жүрүп, анын жыйынтыгында ондогон мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ысык-Көлдө жана Кыргызстандын башка туристтик аймактарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүштү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда өткөн Бирдиктүү коопсуздук кызматынын бөлүмдөрүнүн гарнизондук саптык кароосунда белгилүү болду.