Маалыматка ылайык, чемпионаттын алкагында сол жана оң кол боюнча мелдештер өткөрүлүп, жалпы 291 категорияда жеңүүчүлөр аныкталат.

Биринчиликке Азия өлкөлөрүнөн эң күчтүү спортчулар катышып, чоңдор, жаштар, юниорлор, өспүрүмдөр, ардагерлер жана майыптыгы бар спортчулар байгелүү орундар үчүн күч сынашат.

Эскерте кетсек, Азия чемпионаты Азия армрестлинг федерациясы жана Кыргызстандын армрестлинг федерациясы тарабынан уюштурулууда.