Аталган долбоор Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда. Анын алкагында Семёновка — Ак-Суу унаа жолунун 21 чакырымы жана Григорьевка — Көл — Кашка-Суу унаа жолунун 14 чакырымы жаңыланып жатат. Жалпысынан 34 чакырым жолду оңдоо каралган.

Бул жол VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүчү Кырчын жайлоосуна алып барат. Бийлик бул реконструкция аймактын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, эл аралык иш-чаранын конокторун татыктуу тосуп алууга өбөлгө түзөт деп күтүүдө.