Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу билдирүү нөөмөт бөлүмүнө 13-июль күнү кечки саат 21:30 чамасында түшкөн. Окуя Сары-Ой айылындагы пансионаттардын биринин аймагында болгон.

Кырсык болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барган. Алдын ала маалыматтар боюнча, эркек киши кеч маалда көлгө түшүп, белгисиз себептерден улам чөгө баштаган.

Эс алуучулар аны суудан чыгарып, келген тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жабырлануучу райондук ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Дарыгерлердин аракетине карабай, аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Милиция тургундарды жана эс алуучуларды суудагы коопсуздук эрежелерин так сактоого, ал эми ата-энелерди балдарын көл жээгинде кароосуз калтырбоого чакырат.