«Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү бикеттери Кытайдагы майрамга карата жабылат
Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Энергетика министри Алтынбек Рысбеков бүгүн журналисттерге Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майларды (КММ) жеткирүү боюнча кимдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтып берди.
Улуттук госпиталда «Экспресс ден соолук — жаркын саякат» долбоорунун алкагында кытайлык адистердин гуманитардык офтальмологиялык миссиясы аяктады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кытай менен Россия Кыргызстандын жалпы товар жүгүртүүсүндө 58,2 пайызды түзөт. Бул тууралуу маалыматтар Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы боюнча отчетунда камтылган.
Бишкекте Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев менен Кытай Жазуучулар ассоциациясынын төрагасы Чжан Хунсэн баштаган делегациянын жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдирди.
Бүгүн эртең менен Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Владимир Путин Си Цзиньпин менен Пекиндеги Тяньаньмэнь аянтында жолукту, ал жерде россиялык лидерди расмий тосуп алуу аземи өттү. Андан соң Элдик жыйындар үйүндө сүйлөшүүлөр башталды — адегенде тар чөйрөдө, кийин кеңири курамда.
Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы консулдугу ишин кайрадан жандандырат. Бул тууралуу ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Кытай Эл Республикасынын Синьцзинь-Уйгур автономиялуу районунун Или-Казак автономиялуу округуна караштуу Кулжа шаарында жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 2003-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны О. К. каза болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен Кыргызстанга келген Кытай Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Бүгүн, 25-майда кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде кыргыз чек арачылары Кытайдан Кыргызстанга атчан саякатка чыккан этникалык кыргыздарды — Риза Дүйшөн кызын жана Гүлсанат Бейшен кызын салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Орусиянын президенти Кытайга келди. Шоуду аэропортунан Владимир Путинди КЭРдин тышкы иштер министри Ван И жана дипломатиялык делегация тосуп алды.
Бүгүн, 19-майда Кытайдын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун баштаган делегациясы расмий сапар менен Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Кытайда 18-майга караган түнү күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Эки адам каза болуп, төртөө ооруканага түштү, ошондой эле 13 имарат кыйрады. Бул тууралуу CCTV телеканалы билдирет.
Бүгүн, 31-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусу өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
18-19-июлда саат 19:00дө Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда Шанхай кызматташтык уюмунда мүчө мамлекеттердин искусство чеберлеринин гала-концерти өтөт.
2025-жылы Кыргызстанга түз инвестициялар 27 пайыздан ашык өсүп, 1,3 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Бишкекте өткөн ШКУнун бизнес-форумунда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшан Сабиров билдирди.
Кытайдан ташылып келе жаткан 24,6 тонна жаңгак артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ысык-Көлдө өтө турган эл аралык F1H2O кайыктар жарышы боюнча соцтармактарда түрдүү чагымчыл билдирүүлөр тарап жатат. Бул тууралуу Ички Иштер Министрлиги билдирди.