Маалыматка ылайык, чек араны убактылуу жабуу «Дуаньу» (Ажыдаар кайыктарынын майрамы) майрамын белгилөөгө байланыштуу Кытай тарабынан демилгеленген.

Чек арадан адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү төмөнкүдөй тартипте убактылуу токтотулат:

«Эркечтам — автожол» өткөрүү пункту: 18-июнь күнү саат 22:00дөн баштап ишин убактылуу токтотот. Каттамдарды кайра жандандыруу 2026-жылдын 20-июнунда саат 08:00дө башталат.

«Торугарт — автожол» өткөрүү пункту: 19-июнь күнү толугу менен жабылат. Өткөрүү иштери 20-июнда саат 08:00дөн тарта калыбына келтирилет.