- Кыргызстан и Тажикстан установили пограничные знаки на стыке границ с Узбекистаном.
- Общая длина кыргызско-таджикской границы составляет 1008,14 км, нейтральные участки — 14,07 км.
- 13 марта 2025 года подписано соглашение о государственной границе между Кыргызстаном и Таджикистаном.
- С начала демаркации проведены полевые исследования на 416 км границы, определены места для 1627 знаков (1954 столбов).
- 14 июля 2026 года установлены четыре пограничных столба на стыке границ трех стран.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1 миң 8,14 километрди түзөт. Ал эми бейтарап макамдагы жер тилкелеринин периметринин жалпы узундугу 14,07 километрди түзөт.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессинин толук аякташы эки коңшу мамлекеттин мамилесинде жаңы барак ачкан тарыхый жетишкендик болуп калды.
Эске салсак, 2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында эки мамлекеттин башчылары Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге кол коюшкан. Бул документ ишенимди андан ары чыңдоо, чек ара аймактарынын узак мөөнөттүү туруктуулугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн бекем эл аралык-укуктук негиз түздү.
Мамлекет башчыларынын тапшырмаларын аткаруу максатында Биргелешкен кыргыз-тажик демаркациялык комиссиясынын курамында өкмөттүк делегациялардын демаркациялык жумушчу топтору түзүлүп, иш-чаралардын комплексин иш жүзүндө ишке ашырууга киришти.
Демаркациялык процесс башталгандан бери жалпы узундугу 416 чакырымга жакын мамлекеттик чек ара сызыгын биргелешип талаа изилдөөлөрү жүргүзүлдү. Анын алкагында Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун, ошондой эле Тажикстандын Согд облусунун Исфара, Канибадам шаарлары, Бобожон Гафуров, Жаббор Расулов, Спитамен жана Деваштич райондору менен чектешкен аймактарында 1 миң 627 чек ара белгисинин (1 миң 954 чек ара мамычасы) алдын ала координаттары жана орнотула турган жерлери аныкталып, жыгач жана металл казыктар менен белгиленди.
2026-жылдын 14-июлунда демаркациялык иштердин кезектеги этабынын алкагында эки мамлекеттин өкүлдөрү биргеликте Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен чекиттен башталган тилкеге төрт чек ара мамычасын орнотушту.
Бул практикалык кадам жогорку деңгээлде жетишилген макулдашуулардын ырааттуу аткарылып жаткандыгынын айкын далили болуп саналат жана өз ара ишеним, өнөктөштүк, жакшы коңшулук духунда тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн жогорку натыйжалуулугун күбөлөндүрөт.
Тараптар мамлекеттик чек араны так эл аралык-укуктук тариздөө жана тийиштүү түрдө белгилөө аймактык коопсуздукту чыңдоонун, чек ара аймактарынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуунун, өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн жана Кыргызстан менен Тажикстандын боордош элдеринин ортосундагы достук мамилелерди андан ары терең
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий