- 31 июля в Чолпон-Ате прошла неформальная консультативная встреча глав государств Центральной Азии и Азербайджана.
- Президенты подписали Чолпон-Атинскую декларацию.
- Обсуждались транспортные связи, включая строительство железной дороги Китай-Кыргызстан-Узбекистан.
- Акцент на совместном проекте Камбар-Ата-1 ГЭС с Казахстаном и Узбекистаном.
- Кыргызстан предложил ввести единую туристическую визу для иностранных граждан.
Президент Садыр Жапаров жолугушууну ачып жатып, акыркы жылдары мамлекеттик чек араларга байланыштуу тарыхый макулдашууларга жетишилгенине жана өз ара ишенимдин чыңдалышынын аркасында аймактык кызматташтык сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыкканына токтолду.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдогону үчүн аймактагы өлкөлөрдүн лидерлерине ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Борбор Азиянын орток кызыкчылыктарын эл аралык аренада ырааттуу илгерилетүү ниетин баса белгиледи.
Президент транспорттук өз ара байланыштарды өнүктүрүү жана энергетикалык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл буруп, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушунун стратегиялык маанисин, ошондой эле Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте Камбар-Ата-1 ГЭСи долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн айтты.
Садыр Жапаров ошондой эле туризм тармагындагы кызматташтыктын зор мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Ал Кыргызстандын Борбор Азия мамлекеттерине келген чет өлкөлүк жарандар үчүн бирдиктүү туристтик визаны киргизүү демилгесин белгилеп, бул багытта макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса көрсөттү.
Ошондой эле Кыргызстандын президенти Түркмөнстандын Консультативдик жолугушуулар форматындагы төрагалыгына жогору баа берип, 2026-жылдын 8-октябрында Аваза шаарында өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын башчыларынын сегизинчи Консультативдик жолугушуусун ийгиликтүү өткөрүү үчүн кыргыз тарап аракеттешүүгө даяр экенин билдирди.
Мамлекет башчылары кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө, транспорттук-логистикалык өз ара байланышты өнүктүрүүгө, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана аймактык энергетикалык коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурушуп, актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.
Сөз сүйлөө аяктаган соң президенттер Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту.
Бейформал Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, президент Садыр Жапаров кол коюлган декларация Борбор Азия мамлекеттери менен Азербайжандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги өз ара ишенимди, алардын тынчтык, ынак коңшулук жана туруктуу өнүгүү принциптерине берилгендигин, ошондой эле аймактык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө болгон умтулууларын чагылдырарын айтты.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий