- Кыргызстан ведет переговоры с Узбекистаном, Беларусью и Китаем о поставках ГСМ.
- Россия временно запретила экспорт топлива, Казахстан ограничил въезд транспорта до одного раза в сутки.
- Министр энергетики Алтынбек Рысбеков сообщил о положительных ответах от Беларуси и Китая.
- Переговоры с Узбекистаном идут на уровне правительств и министерств.
- Кыргызстан полностью зависит от импорта ГСМ, что усугубляет проблему дефицита.
Анын айтымында, менен болгон көйгөйлөр Кыргызстанда гана эмес, атүгүл аны өндүргөн өлкөлөрдө да бар.
«Бирок Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майларды сырттан гана импорттогондуктан, бизде бул маселе албетте курч турат. КММдин резервин камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатат. Алсак, Өзбекстан менен өкмөттөр деңгээлинде сүйлөшүүлөр өтүп, учурда министрликтер деңгээлинде иш жүрүүдө. Ар кандай варианттарды карап жатабыз. Жумушчу топ бул маселе менен тыгыз алектенүүдө», — деди Энергетика министрлигинин башчысы.
Ал Беларусь өлкөсү да оң жообун бергенин белгиледи.
«Транзит Россия аркылуу болот, буга байланыштуу көйгөйлөр жаралбашы керек. Майда-чүйдө деталдары менен алектенип жатабыз. Ошондой эле Кытай менен да сүйлөшүүлөр болуп, алар да оң жообун беришти. Көлөмдөрүн жөнөттүк, алардын даярдыгы бар. Процедуралык маселелер чечилүүдө», — деп кошумчалады Алтынбек Рысбеков.
Буга чейин Россия Федерациясы күйүүчү майды сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салган. Ал эми Казакстан өлкөгө транспорттун кирүүсүн суткасына бир жолуга чейин чектеген. Бул чектөө күйүүчү майдын «көмүскө» чыгарылышын болтурбоо максатында киргизилген.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий