Өткөн түнү Кыргызстандын түштүгүндө эки жер титирөө катталды
Өткөн түнү Кыргызстанда бир убакта эки жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирет.
Өткөн түнү Кыргызстанда бир убакта эки жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирет.
Жалал-Абад облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Баары көптөн күткөн жай мезгили да келди. Эми эс алып, каникул менен эмгек өргүүсүнөн максималдуу ырахат алса болот. Бирок аптаптуу ысык чыдагыс болуп кетсе, жагымдуу маанай заматта терс эмоцияга айланышы мүмкүн. Эгер үйдө кондиционер жок болсо, ысыктан кантип сактануу керек? Эң натыйжалуу жолдору менен бөлүшөбүз:
Чүй облусунда таштандыларды уруксат берилбеген жерлерге таштоо боюнча жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Ош шаарында «Буссоль» ЖЧКсынын объектисиндеги курулуш-монтаждоо иштери убактылуу токтотулду.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда Ак-Талаа районунун активи жана тургундары менен жолугушту.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн аймагында мыйзамсыз таштанды төгүүчү жай аныкталган.
Министрлер кабинети Бишкектин Октябрь районундагы 17,05 гектар сугат айыл чарба жерин калктуу конуштардын жерлери категориясына которду. Бул тууралуу токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Президент Садыр Жапаров Ош шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган «Асман Резиденс 1» турак жай комплексин жана онлайн-режимде Ош облусундагы Жаңы-Арык айылындагы комплексти ачты.
«Old Bishkek» долбоорунун алкагында Бишкектин борборундагы унаа тыгындарын азайтууга багытталган инфраструктуралык иштердин негизги этаптары аяктады. Натыйжада, Шопоков көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа кыймылы кайрадан жанданды.
Мамлекеттик ипотекалык компания мындан ары Бишкек, Ош шаарларында жана облус борборлорунда турак жай курбайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Нарын облусунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.
Кыргызстандын борбору турак жай курулушу боюнча лидер болуп калды: 2026-жылдын алгачкы беш айында эле шаардын картасында дагы 48 жаңы турак жай комплекси пайда болгон. 2ГИС сервиси Кыргызстандын картасындагы 2025-жылдагы жана 2026-жылдын январь — май айларындагы өзгөрүүлөргө талдоо жүргүздү. Компаниянын маалыматы боюнча, бул убакыт ичинде өлкөдө 600дөн ашык турак үй курулган.
2026-жылдын биринчи чейрегинде Кыргызстандагы турак жай курулушунун көлөмү бир топ өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, жалпы аянты 484 миң 200 чарчы метр болгон 4461 турак жай пайдаланууга берилген. Бул 2025-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 15,6 пайызга жогору.
Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууда Бишкекте реновация болушу шексиз экенин жана мекеме бул боюнча программанын үстүндө иштеп жатканын билдирди. Эски объектилерди бузуу тууралуу сөз кылып жатып, ал 1960-жылдары салынган көптөгөн имараттар тарыхый баалуулукка ээ эмес деген пикирин билдирди.
Кыргызстандын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жалпыга маалымдоо каражаттары менен «Ачык кабинет» форматындагы жолугушуусунда өлкөдөгү курулуштарды көзөмөлдөө иштери дээрлик күн сайын жүргүзүлүп, бардык аймактарды камтып жатканын билдирди.
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында курулуп жаткан билим берүү объекттерин пландан тышкары текшерди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Болот Чолпонбаев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мекемеден билдирди.
Бишкектеги көрүстөндөрдүн саны 36га чейин көбөйүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн шаардык кеңештин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында «Бишкек ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканасынын директору Кубат Курамаев билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында өтүп жаткан «Ala-Too Trade & Industry Expo» биринчи эл аралык соода-өнөр жай көргөзмөсүнө барды.
Бүгүн, 28-майда саат 09:00дөн 23:00гө чейин турак жай имараттарында, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.