«Акыркы беш жылда район боюнча 42,8 чакырым жолго асфальт төшөлсө, быйылкы жылдын аягына чейин 21,3 чакырым жолго асфальт басуу иштери пландалган. Бул үчүн атайын жол тармагына 5 техника алып бердик. Райондо эң эле көйгөйлүү делген, социалдык тармактарда айтылып келген Нарын — Баетов жана Баетов — Кош-Дөбө унаа жолдору Кудай буюрса, бир-эки жылда толук бүткөрүлөт», — деди президент жана өлкө аймагында курулуш тармагы өнүгүүнүн башаты болуп жатканын кошумчалады.

Фото Президенттин басма сөз кызматы

Маселен, аймакта райондук Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн, Ак-Талаа райондук прокуратурасынын, Ак-Талаа райондук аскер комиссариатынын, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн имараттарынын жана Ак-Тилек жаңы конушунда 240 орундуу мектептин курулуштары бүгүнкү күндө жигердүү жүрүп жатат.

Президент район аймагындагы Үгүт, Жерге-Тал, алыскы Кош-Дөбө айылдарына мектеп куруу, дагы бир катар айылдарга бала бакча куруу зарылдыгы боюнча кабары экенин айтты. Ал буга чейин 3 мектеп, 2 бала бакча курулуп ишке берилсе, быйыл дагы 3 бала бакча, 2 мектептин курулушу жүрүп жатканын белгиледи.

«Облус борборунан 120 чакырым алыстыктагы сиздердин райондо саламаттык сактоо тармагын жакшыртуунун үстүндө бир катар жумуштар жүрүп жатат. Биз үчүн, айрыкча бийик тоолуу аймактарда жашаган калкты сапаттуу медициналык тейлөөнү камсыз кылуу өзгөчө мааниге ээ. Анткени климаттык шарты оор жана медициналык мекемелерге жетүү убактысынын узактыгы да элибиздин саламаттыгына кедергисин тийгизбей койбойт.

Ошондуктан, айылдык ден соолук пункттары жаңыланып, фельдшердик-акушердик пункттардын материалдык-техникалык базасы чыңдалууда. 5 жыл аралыгында Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна 6 унаа, анын ичинде 2 тез жардам унаасы, ошондой эле медициналык жабдыктар берилди», — деди Садыр Жапаров.

Президент өз сөзүндө республика аймагында жыл сайын 100 өнөр жай ишканасын куруунун алкагында өткөн жылы райондо Баетов айылында «Табигый эт» мал союучу ишкана, Кара-Бүргөн айыл аймагында «Ак-Булак» сүт ишканасы ишке берилгенин эске салды.

Жаңы-Талап айылындагы Куртка суусуна кичи ГЭСтин курулушу активдүү жүрүп, быйыл аягына чыгарылып, ишке берилет.

Соңунда мамлекет башчысы Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун стратегиялык мааниси зор экенин айтып, долбоорду ишке ашыруу Ак-Талаа районунун жана бүтүндөй өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турганын баса белгиледи.

Транспорттук жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү ишкердиктин, өнөр жайдын, айыл чарбасынын жана экономиканын башка тармактарынын өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Президент Садыр Жапаров аталган долбоорлорду ишке ашыруу райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүн, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууну жана келечек муундар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылат деген ишенимин билдирди.