Алмамбет Шыкмаматов Профессионалдык бокс лигасынын ардактуу президенти болду
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандын Профессионалдык бокс лигасынын ардактуу президенти болуп дайындалды.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандын Профессионалдык бокс лигасынын ардактуу президенти болуп дайындалды.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда Казакстандын Түркстан шаарына болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 5-июнда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров өлкөгө расмий сапары менен келген Беларусь премьер-министри Александр Турчинди кабыл алды.
Президент Садыр Жапаров «2026—2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) жаңы курамын бекитти.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Регламент боюнча профилдик комитети Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын (БШК) мүчөлүгүнө шайлоо үчүн көрсөтүлгөн талапкерлерди жактырды.
Кыргызстанда бул жылы «Коопсуз өлкө» тутумунун алкагында 3 миңден ашык видеокөзөмөл камерасы орнотулат. Бул тууралуу маалымат жыйынында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 6-бөлүмүнүн башчысы Руслан Шаршембиев билдирди.
Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 3-июнунда Нью-Йорк шаарында өтө турган БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоонун алдында мамлекет башчыларына кайрылуу жолдоду.
Президент Садыр Жапаров февраль айындагы саясий кырдаалга жана «75 адамдын каты» деп аталган окуяга байланыштуу Kaktus.media сайтына берген маегинде комментарий берди. Ал документтин Жогорку Кеңештеги жүрүшүнөн башынан эле кабардар экенин жана ага катышкандардын аракеттерин көзөмөлдөп турганын, бул ага өз убагында чара көрүүгө мүмкүндүк бергенин билдирди.
Кыргызстандын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында күндүзгү бөлүмдө окуган студенттер (курсанттар) арасында Президенттик стипендияны алуу үчүн талапкерлерди тандоо максатында документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участокторундагы шайлоочулардын санын көбөйтүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу БШКнын башчысы Тынчтык Шайназаров бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.
Президент Садыр Жапаров акыркы саясий кырдаал боюнча Kaktus.media сайтына маек куруп, анда бир аз күн мурда жасаган Россияга сапары тууралуу да айтты.
Хорватиялык жаш таланттуу математиктер ассоциациясы уюштурган эл аралык European Mathematical Cup (Европалык математикалык кубок) олимпиадасында Кыргызстандан катышкан окуучулар үч коло медаль утуп алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Тайванда 20-ирет Азия-Тынч океан эл аралык информатика олимпиадасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Орусиянын президенти Кытайга келди. Шоуду аэропортунан Владимир Путинди КЭРдин тышкы иштер министри Ван И жана дипломатиялык делегация тосуп алды.
Кыргызстанда социалдык камсыздоо тутумунун кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолукту.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Чүй облусунун Сокулук районундагы «Сокулук» жана «Туюк» чакан ГЭСтерин ишке киргизүү аземине катышты.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Элчиси Эдил Байсалов Американын президенти Дональд Трампка ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу КРнын АКШ жана Канададагы дипломатиялык өкүлчүлүгү билдирет.