Маалыматка ылайык, ишеним грамоталарын тапшыруунун расмий аземи 21-май күнү Ак үйдө өттү.
Эдил Байсалов Президент Садыр Жапаровдун жылуу саламдарын жана эң жакшы каалоо-тилектерин жеткирип, Кыргызстандын кыргыз-америкалык кызматташтыгын мындан ары чыңдоого умтуларын ырастады. Элчи Кыргыз Республикасы өлкө эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарынан тарта Америка Кошмо Штаттары тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоону жогору баалай турганын белгиледи, ошондой эле АКШнын Борбордук Азия жана аймак менен кызматташууга туруктуу түрдө өзгөчө көңүл буруп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Дональд Трамп жаңы элчини куттуктап, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Ал эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы жылуу байланыштардын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Эдил Байсаловдун миссиясы КР менен АКШ ортосундагы саясий жана экономикалык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним артты.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий