Президенттик стипендия конкурстук негизде төмөнкү студенттерге (курсанттарга) дайындалат:
бакалаврларды даярдоо программаларынын 3-курсунда окугандарга (окуу мөөнөтү 4 жыл болгон учурда);
адистерди даярдоо программаларынын 3—4-курстарында окугандарга (окуу мөөнөтү 5 жыл жана андан көп болгон учурда).
Президенттик стипендияга талапкерлер белгиленген критерийлердин бирине же бир нечесине жооп бериши керек.
жогорку академиялык көрсөткүчтөр, мында баалардын кеминде 90 пайызы «эң жакшы» болушу керек;
эл аралык жана республикалык олимпиадаларда, конкурстарда жана мелдештерде жеңүүчү же байге ээси болуу;
илимий публикациялардын, патенттердин, гранттардын жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктердин болушу;
илимий конференцияларга жана коомдук баяндамаларга катышуу;
мамлекеттик, расмий жана чет тилдердин бирин билүү;
билим берүү уюмунун коомдук, маданий жана спорттук жашоосуна активдүү катышуу.
Талапкерлердин тизмеси жана тиешелүү документтер жогорку кесиптик билим берүү уюму тарабынан коштомо кат менен Илим министрлигине жөнөтүлөт.
Документтерге төмөнкүлөр тиркелиши керек:
билим берүү уюмунун негизделген сунуш каты;
Окумуштуулар кеңешинин жыйынынын протоколунан көчүрмө;
талапкердин жетишкендиктерин тастыктаган документтер;
илимий, чыгармачылык жана спорттук жетишкендиктерди тастыктаган башка материалдар;
өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү.
Бардык документ тигилип, номерленип жана жогорку кесиптик билим берүү уюмуиун мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.
Төмөнкү арыздар сынакка катышууга кабыл алынбайт:
электрондук почта же факс аркылуу жөнөтүлгөн;
белгиленген талаптарды бузуу менен таризделген;
документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин келип түшкөн.
Документтер 2026-жылдын 1-августуна чейин кабыл алынат.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий