Текшерүүнүн жүрүшүндө Ленин чокусунун аймагында туристтерди кабыл алган айрым конок үйлөрүндө таштандыларды өрттөө жана саркынды сууларды экологиялык талаптарды бузуу менен агызуу фактылары аныкталган.

Аныкталган тартип бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чаралар көрүлдү. Жооптуу жактарга жалпы суммасы 51 миң сомду түзгөн айып пулдар салынды.

Мындан тышкары, экологиялык талаптарды катуу сактоо, таштандыларды белгиленген нормаларга ылайык туура иштетүү, ошондой эле саркынды сууларды айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен агызуу зарылдыгы түшүндүрүлдү.