Курулушта көчмөн цивилизациясынын калктуу конуштарынын архитектурасын жана атмосферасын калыбына келтирүү үчүн салттуу материалдар, анын ичинде чопо колдонулууда. Мындан тышкары, өзүнчө этнобазар түзүлүүдө. Жамгырдан улам жумуштар мезгил-мезгили менен татаалдашып жатканына карабастан, курулуш уланууда.

Оюндар учурунда Кырчында этношаарчанын өзүнүн ачылышы жана жабылышы, көргөзмөлүү салттуу оюндар, балбандардын мелдеши, ордо, бүркүт салуу, куш салуу, тайган жарыш, салттуу жаа атуу жана башка иш-чаралар өтөт. Бул VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий аянтчасы болуп саналат.

Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Ачылыш аземи 31-августта Бишкек шаарында болуп, ал эми негизги мелдештер Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт.