Жер титирөө бүгүн, 13-августа жергиликтүү убакыт боюнча саат 02.49да катталган. Очогундагы жер титирөөнүн күчү MSK-64 шкаласы боюнча 3,5 баллды түздү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, очогу Кыргызстан аймагында — Кара-Сай айылынан 22 чакырым түндүк-чыгышта жана Барскоондон 53 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Кара-Сай айылында жер титирөө болжол менен 2,5 баллдай сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок.