АӨБ ошондой эле Бишкектеги аракеттеги долбоорду 2029-жылга чейин узартууну пландап жатканы кабарланууда.
Мындан сырткары, банк шаардык мобилдүүлүк тармагында жаңы долбоорду иштеп чыгууну сунуштады. Мэрия дагы АӨБгө күн энергиясын пайдалануу боюнча долбоорлорду, анын ичинде шаардык инфраструктура объекттерине күн панелдерин орнотууну карап көрүүнү сунуштады.
Болочоктогу «жашыл» коридор тууралуу деталдар, анын ичинде каттамы жана ишке ашыруу мөөнөттөрү азырынча кабарлана элек.
Буга чейин Бишкек мэриясы «Жашыл мобилдүүлүк пилоттук коридору» долбоорунун алкагында Киев көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Бейшеналиева көчөсүнө чейинки тилкесин жөө жүргүнчүлөр, велосипедисттер жана коомдук транспорт үчүн шарттарды түзүү менен реконструкциялоо каралганын билдирген.
«Жашыл» мобилдүүлүк коридору — бул жөө жүргүнчүлөргө жана экологиялык коомдук транспортко артыкчылык берилген шаардык жолдун тилкеси. Адатта, ал автобустар үчүн бөлүнгөн тилкелерди, жаңыртылган аялдамаларды жана ташуулардын ылдамдыгын да, ыңгайлуулугун да жогорулатуу үчүн кыймылды уюштуруудагы өзгөртүүлөрдү камтыйт.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий