«Энергетика тармагында жол картасы иштелип чыгууда. Ошондой эле чакан ГЭСтерди куруу маселеси да талкууланып жатат», — деди Алтынбек Рысбеков.

Министр жеткирүүлөрдүн мүмкүн болгон көлөмүн, күйүүчү майдын баасын, импорттун башталуу мөөнөтүн жана жеткирүү маршруттарын так айткан жок.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан Азербайжандан айына 20 миңден 30 миң тоннага чейин бензин жана дизель майын импорттоону пландап жатканын билдирген. Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр 2026-жылдын июнь айынан бери, анын ичинде Азербайжандын SOCAR мамлекеттик мунай-газ компаниясынын өкүлдөрү менен жүргүзүлүүдө.