Эркин машыгуулар спортчуларга трассанын шартына көнүүгө, техникасын сыноого жана квалификацияга даярданууга мүмкүндүк берет. Эртең эле катышуучуларды старттык позицияларды аныктай турган квалификациялык жарыштар, ошондой эле спринттик жарыш күтүп турат.

Кыргызстан Гран-присинин башкы жарышы 2-августта өтөт. F1H2O жарыш кайыктары саатына 250 чакырымдан ашык ылдамдыкты өнүктүрүүгө жөндөмдүү, ошондуктан бул мелдештер дүйнөлүк суу-мотор спортундагы эң көрүнүктүү жана кызыктуу мелдештердин бири болуп саналат.