Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Ысык-Көлдө өтө турган жарышка 25 катышуучу келет. Мелдеш түз эфирде 100 өлкөгө көрсөтүлөт. Спорттук иш-чараны көрүүгө Кыргызстанга 10 миңдей турист келери күтүлүүдө. Жалпы дүйнө жүзү боюнча Формула-1 жарышынын 800 миллионго жакын күйөрманы бар.

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, 30-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдүн күңгөйүндө унаа кыймылына мезгил-мезгили менен чектөөлөр киргизилет. Бул Бает айылында сууда сүзүүчү кайыктардын катышуусундагы Formula 1 H2O — Issyk-Kul 2026 дүйнө чемпионатынын Кыргызстан Гран-присин өткөрүүгө байланыштууболууда.

Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун айрым тилкелери убактылуу жабылып турат. Чектөөлөрдүн так убактысы жана узактыгы азырынча көрсөтүлгөн эмес.

Айдоочулардан зарылчылык болбосо алыскы жолго чыкпоону суранышат. Өзгөчө жүк ташуучу унаалар, айыл чарба техникалары жана башка ири габариттүү транспорттор үчүн кыйынчылыктар күтүлүүдө.

Эске салсак, Кыргызстан Гран-приси 31-июлдан 2-августка чейин өтөт. Ысык-Көл Formula 1 H2O дүйнө чемпионатынын этабын биринчи жолу кабыл алат жана турнирдин Борбордук Азиядагы эң биринчи аянтчасы болуп калат.