Маалыматка ылайык, конокторду Раззаков шаарындагы Исхак Раззаков атындагы аэропорттон президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.

Сапардын алкагында Элмира Раззакова атасы Исхак Раззаков туулуп-өскөн Лейлек районунун Коросон айылындагы күмбөзүнө барып, куран окутуп, бата кылды. Зыяратка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакалдар жана айыл тургундары да катышты.

Мындан тышкары, Элмира Раззакованын Раззаков шаарындагы Исхак Раззаковдун музейлер комплексине баруусу, ошондой эле Лейлек районунун, Сүлүктү шаарынын жана Кулунду айылынын тургундары, мамлекеттик кызматкерлер жана коомчулук өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалууда.

Сапар учурунда жергиликтүү тургундар Эльмира Раззакованы жылуу тосуп алышып, аны менен жолугушканына кубанычта экендиктерин билдиришти. Алар Исхак Раззаковдун үй-бүлөсүнө өзгөчө урмат-сый көрсөтүшүп, улуу мамлекеттик ишмердин өлкөнүн өнүгүшүнө жана элге кызмат кылууга кошкон зор салымын терең урматтоо менен эскеришти.