Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн суу менен камсыздоо системаларын модернизациялоонун стратегиялык маанилүүлүгүн белгилеп, долбоорду колдоого алгандыгы үчүн министрлер кабинетине, мамлекеттик органдарга жана Дүйнөлүк банкка ыраазычылык билдирди.

Баткен облусунун 29 айылында таза сууну жакшыртуу, суу чарбасын модернизациялоо жана аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча программа ишке ашырылууда. Ал министрлер кабинети жана Дүйнөлүк банктын кызматташтыгы астында «Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтары» долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Каржылоонун жалпы көлөмү 100 миллион долларды түзөт. Анын ичинен 48 миллион доллары Баткен жана Ысык-Көл облустарынын айылдарын ичүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу системалары менен камсыздоого, ал эми дагы 52 миллион доллары Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы ирригациялык жана дренаждык системаларды модернизациялоого багытталган.