Эң татаал кырдаал Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунда катталды.
Лейлек районунда жолчулар Катран — Өзгөрүш жолундагы селдин кесепеттерин тазалап жатышат, учурда унаалардын өтүүсү камсыздалган.
Баткен районунда сел агымдарынан улам Ош — Баткен — Раззаков унаа жолунун айрым тилкелеринде кыймыл убактылуу чектелген. Баткен шаарындагы мал базардын аймагында, жаңы жолдун 232,5-чакырымындагы көпүрөдөн суу ашып, мындан улам кыймылды убактылуу токтотууга туура келген. Суунун деңгээли түшкөндөн кийин жол кайра ачылды.
Ошондой эле Айгүл-Таш — Согмент — Таян жана Кара-Бак — Чет-Кызыл жолдорунда калыбына келтирүү иштери уланууда. Акыркы аталган жолдо селдин кесепеттеринен улам асфальт төшөө иштери убактылуу токтотулду.
Кадамжай районунун Кадамжай — Чечме тилкесинде селдин айынан жол жабылган, бирок кечке жуук эки тараптуу кыймыл кайрадан ачылды.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, учурда облус боюнча унаа каттамдары толук камсыздалды, ал эми жол кызматтары кырдаалга күнү-түнү көзөмөл жүргүзүп, калыбына келтирүү иштерин улантууда.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий