Фестивалдын уюштуруучулары болуп «Илбирс —Зеленое поколение» коомдук фонду, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча Глобалдык программанын катчылыгы, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

Фестивалда жаштарга өзгөчө көңүл бурулат. Анын алкагында «Ак илбирс жана жаштар — жаратылышты коргоодо» жана «BARS FASHION 2026 — Ак илбирстин мыкты костюму» аттуу студенттик сынактардын жеңүүчүлөрүнүн чыгармачыл номерлери көрсөтүлүп, катышуучуларга сыйлыктар тапшырылат.

Фестивалдын аймагында бир нече тематикалык аянтчалар иштейт: экологиялык продукциялардын көргөзмөсү, ак илбирске арналган арт-зона, сүрөттөрдүн жана фотосүрөттөрдүн көргөзмөсү, балдардын сүрөт сынагы, экология жана этномаданият боюнча мастер-класстар, жаа атуу аянтчасы, күрөш зонасы, «Ак илбирстин секириги» сынагы, каскадёрлордун шоу-программасы, тайган-шоу жана башка кызыктуу иш-чаралар.

Фестиваль экологиялык билим берүү жаратылыш тууралуу маалымат алуу менен гана чектелбестен, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандырууга, жоопкерчиликти өнүктүрүүгө жана жаратылышты коргоо боюнча аракеттерге даяр болууга үндөй турганын көрсөтүүнү максат кылат. Билим берүүчү, маданий, чыгармачыл жана интерактивдүү форматтар аркылуу катышуучулар ак илбирс, тоо экосистемалары жана жаратылышты сактоого ар бир адамдын кошо ала турган салымы тууралуу кеңири маалымат алышат.

Уюштуруучулар Кыргызстандын бардык тургундарын жана конокторун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, билим берүү мекемелерин, экологиялык уюмдарды, жаштар бирикмелерин жана кызыкдар жарандарды фестивалга катышууга чакырып, ак илбирсти жана өлкөбүздүн баалуу жаратылыш мурасын сактоо ишине өз салымын кошууга үндөшөт.