«Манас» Кыргыз улуттук театрынын белгилүү ырчысы жана дастанчысы Алтынбек Каленов дүйнө салды.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маркумдун жакындарына, кесиптештерине жана аны билген бардык инсандарга терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Алтынбек Каленов Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында төрөлгөн. Бала кезинен эле ыр-күүгө болгон өзгөчө шыгы менен айырмаланып, тоо жаңырта ырдап өскөн. Кийин Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында билим алып, Кыргыз Республикасынын эл артисти Улукмырза Полотовдон чыгармачылыктын сырларын өздөштүргөн.

Эмгек жолун 2008-жылы «Эл ырчысы Эстебес» чыгармачылык тобунда баштап, кийин өз алдынча чыгармачылык жолун ийгиликтүү уланткан. Кыргыз эстрадасында жана элдик ыр өнөрүндө өзүнүн кайталангыс үнү, аткаруучулук чеберчилиги менен кеңири таанылып, көрүүчүлөрдүн терең урматына ээ болгон.

Акыркы жылдары Кыргыз улуттук «Манас» театрында дастанчы болуп эмгектенип, кыргыз элинин бай оозеки мурасын, эпикалык өнөрүн жайылтууга жана жаш муунга жеткирүүгө зор салым кошту.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, кесиптештерине жана жалпы кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Маркум менен коштошуу жана жаназа зыйнаты 2026-жылдын 21-июль күнү саат 10:00дө Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында өтөт