Маалыматка ылайык, ошентип питомниктин жалпы корголгон аянты 82 гектарга жетти. Учурда коруктун жалпы аянты 112 миң 363,5 гектарды түзөт.

Корукта сүт эмүүчүлөрдүн 26, канаттуулардын 104, балыктардын 3, жерде-сууда жашоочулардын 1, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 4 түрү катталган. Бул аймакта Кызыл китепке кирген илбирс, сүлөөсүн, мадыл, Тянь-Шань күрөң аюусу, суусар, бугу-марал, аркар-кулжа, ошондой эле бүркүт, ителги, көк жору, ак кажыр, кумай, Наумандын күйкөсү, шумкар, кичик бүркүт, чощ үкү, орок тумшук чулдук сыяктуу сейрек кездешүүчү канаттуулар байырлайт.

Ошондой эле корукта 500дөн ашык өсүмдүктүн түрү өсөт. Алардын арасында алтын тамыр, ак кодол, аркар оту, уу коргошун, мамыры, көкөмерен сыяктуу баалуу дары өсүмдүктөрү бар.

Питомникте өстүрүлгөн бугу-маралдар 2018-жылы алгачкы жолу Аксы районундагы Авлетим токой чарбасына 9 баш өлчөмүндө өткөрүлүп берилген.