«Изилдөө өлкөнүн туристтик инфраструктурасынын туруктуу өсүшүн көрсөттү. Өзгөчө эс алуу базалары, мейманканалар жигердүү өнүгүп жатат, ал эми коомдук тамактануу чөйрөсүндө тез татым сегменти баарынан тез өсүүдө», — деп белгилешти авторлор.

Өсүү динамикасы боюнча «Эс алуу базалары» рубрикасы лидер болгону айтылат. Алардын картадагы саны 63,8 пайызга өсүп, 2024-жылдагы 260тан 2026-жылы 426 объектке жеткен.

Ошондой эле мейманканалар да олуттуу өсүштү көрсөтүүдө — алардын саны 46,2 пайызга (628ден 918ге чейин) өстү. Ал эми коттеждер — конок үйлөрүн ижарага берүү сектору 39,8 пайызга көбөйдү.

Коомдук тамактануу жайларынын арасында эң байкалаарлык өсүштү тез татым сегменти көрсөтүүдө: мындай объекттердин саны 2ГИС картасында эки жылдын ичинде 38,3 пайызга — 1 миң 675тен 2 миң 317ге чейин көбөйгөн.