«Ар бир өсүмдүктүн өзүнчө көрсөтмөлөрү жана каршы көрсөтмөлөрү бар. Аз өлчөмдө, өзгөчө гүлдөрү бар чай чөптөрү анча активдүү эмес, аларды кооптонуусуз эле колдонсо болот. Бир гана нерсе, жыпар жыттуу чөптөр ашказанынын кычкылдуулугу жогору адамдарда зарынаны ( пайда кылышы мүмкүн. Мындай учурларда дозасын азайтуу же жыты үчүн бир чымчым эле кошуп коюу сунушталат», — деди Юровский.

Ал белгилегендей, калкан безинин иштеши төмөндөгөндө жана гломерулонефрит оорусунда кийик отун күн сайын колдонууга болбойт.

«Жалбыз жакшы тынчтандыруучу каражат болуп саналат, бирок ал зарынаны күчөтүшү мүмкүн. Көк чай чөп, кийик оту сыяктуу бардык жыпар жыттуу чөптөр бири-бири менен жакшы айкалышат. Ал эми Сары чай чөп өзгөчөлөнүп турат. Депрессиядан жабыркап, антидепрессанттарды ичип жүргөн адамдарга аны колдонуу сунушталбайт. Себеби ал дары-дармектер менен терс реакцияга киришип кетиши мүмкүн», — деп кошумчалады эксперт.