Күбөлөрдүн айтымында, авария Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Сүзүшүүнүн кесепетинен «Веданта» клиникасынын тез жардам унаасы капталына оодарылып кеткен.

Фото 24.kg. Бишкекте тез жардам унаасы оодарылып кетти

«103» кызматынан билдиришкендей, жеке тез жардамдын бригадасы жабыркаган эмес. Окуя болгон жерге «103» кызматынын бригадасы жиберилип, жеке тез жардам унаасында бара жаткан бейтапты алып кетип, ооруканага жайгаштырган.

Жол кырсыгынын башка чоо-жайы такталууда.