«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2027-жылга бюджети жана 2028—2029-жылдардын пландаштыруу мезгили жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Негиздеме-маалымкатка ылайык, Соцфонддун 2027-жылга бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 173 миллиард 196,8 миллион сом суммасында, ал эми 2028—2029-жылдардын пландаштыруу мезгилине тийиштүүлүгүнө жараша 181,2 миллиард сом жана 188,2 миллиард сом өлчөмүндө түзүлдү.

2027-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсү 115,2 миллиард сом суммасында пландалууда.

Акциялар боюнча дивиденддердин, акча каражаттарынын калдыктарына эсептелген пайыздардын түшүүсүнүн, убактылуу бош турган акча каражаттарын жайгаштыруудан түшкөн кирешелердин, туумдардын, айып пулдардын жана башка булактардын эсебинен башка кирешелер 4,4 миллиард сом суммасында болжолдонууда.

Социалдык фонддун 2027-жылга карата чыгашалары 164,5 миллиард сом суммасында пландалууда.

Алар пенсиялык төлөмдөрдүн, сөөктү коюуга берилүүчү жөлөкпулдардын, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн, пенсияларды жеткирүүнүн, административдик чыгашалардын керектөөлөрүнүн эсептөөлөрүнөн улам 145,4 миллиард сом суммасында аныкталды.

2027-жылы сөөктү коюуга жөлөкпулдарды төлөөгө 675 миллион сом суммасында каражаттар каралууда.

Пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө чыгашалары 861,9 миллион сом суммасында пландалууда. Эскерте кетсек, пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө коммерциялык банктар жана «Кыргыз почтасы» ААКтын филиалдары аркылуу жүргүзүлөт.

Социалдык фонддун эсептерин тейлөө боюнча чыгашалар 28,5 миллион сом суммасында пландалууда.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2027-жылы 8,4 миллиард сом багыттоо пландалууда.

Эмгекчилерди чыңдоо фондун каржылоо 1,3 миллиард сомду түзөт.

Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондуна 2027-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсү 9,5 миллиард сом суммасында пландалууда. Инвестициялоодон түшкөн кирешелер 9,3 миллиард сомду түзөт.

2027-жылы Социалдык фонддун бюджетинин профицити 8,7 миллиард сом суммасында пландалууда.