Маалыматка ылайык, мэр өндүрүштүк объектилердин техникалык абалын, ишканаларды отун менен камсыздоо жана оңдоо иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөдү.

Көчмө жыйындын алкагында «Бишкек ЖЭБ» ишканасында кеңешме өткөрүлүп, негизги энергетикалык жабдууларды оңдоого, отун корун даярдоого, жылуулук тармактарынын абалына жана керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду.

Айбек Жунушалиев тиешелүү жетекчилерге кышка даярдыкты өз убагында жана сапаттуу аяктоо, энергетикалык жана жылуулук объектилеринин техникалык даярдыгын камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.

Ошондой эле шаар тургундарын жылуулук жана электр жарыгы менен туруктуу камсыз кылуу үчүн тиешелүү кызматтардын биргелешип иш алып баруусунун маанилүүлүгү белгиленди.