Анын айтымында, жолугушуулардын жүрүшүндө 1,4 миңден ашык кайрылуу түшкөн.

«Бардык арыздар көзөмөлгө алынып, жумушчу план түзүлдү, мөөнөттөрү жана жооптуу адамдар аныкталды. Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү жер жана турак жай маселелерине, жолдорду жана тротуардарды оңдоого, курууга, ошондой эле мектептер менен бала бакчалардын жетишсиздигине байланыштуу. Шаарда бул багыттагы иштер системалуу түрдө жүрүп жатат», — деди Айбек Жунушалиев.

Ал жаңы объектилерди жана жол инфраструктурасын курууда кемчиликтер болушу мүмкүн экенин моюнга алып, алар каралган үч жылдык кепилдик мөөнөтүнүн алкагында оңдолуп жатканын белгиледи.