2026-жылдын январь — июнь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда орточо айлык акы 53 миң 759 сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин пресс-конференциясында билдиришти.
Белгиленгендей, 2026-жылдын июнь айында экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүндөгү ишканалар менен уюмдардагы орточо айлык номиналдык эсептелген эмгек акы 27,5 пайызга өскөн.
11,5 пайыздык жылдык инфляцияны эске алганда, анын реалдуу өсүшү болжол менен 16 пайызды түзөт. Мындан тышкары, бардык салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эске алганда, колго тийген сумма азыраак болот.
Эскерте кетсек, май айында орточо айлык акы 51 миң 888 сомду түзгөн. Расмий маалыматтар боюнча, бир ай ичиндеги өсүш 3,6 пайызды түздү.
2026-жылдын июнь айынын жыйынтыгы боюнча айлык акы төмөнкү тармактарда кыйла байкаларлык жогорулаган:
Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу чөйрөсүндө — 49,2 пайызга;
Са саламаттыкты сактоо жана калкка социалдык кызмат көрсөтүүдө — 43,7 пайызга;
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоо тармагында — 36,1 пайызга;
Кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүктө — 33,1 пайызга.
2026-жылдын январь — июль айларынын жыйынтыгы боюнча республикада расмий катталган жумушсуздардын саны 37,5 миң адамды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,8 пайызга аз.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий