Маалыматка ылайык, 18-июнда «Циклон» (Cyclone) танкери биринчи жеткирүү үчүн болжол менен 42 миң тонна күйүүчү май жүктөгөн. Июль айында жүк Египеттин Дамиетта портуна жакын жерде башка кемеге жүктөлүп, андан соң августтун башында Россияга жеткирилген.

Россия күйүүчү май кризисинин шартында Индиядан бензин сатып ала баштаганы тууралуу июль айынын башында Reuters кабарлаган. Агенттиктин булактары Россияга кеминде 60 миң тонна бензин жөнөтүлгөнүн айтышкан. Тармактагы булактын агенттикке билдиришинче, Россия ар кайсы өлкөлөрдөн ай сайын жалпысынан 400 миң тонна бензин импорттоону пландаштырууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын Министрлер кабинети КР менен Россия ай сайын 100 миң тонна күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү боюнча макулдашууга кол койгонун кабарлаган. Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы учкучсуз учактардын чабуулуна кабылган Россиянын мунай кайра иштетүүчү заводдорундагы кырдаалга байланыштуу Россиядан мунай продуктуларын жеткирүү дээрлик токтоп калганын билдирген.

Бул кырдаалдан улам Кыргызстанда бензин менен дизель күйүүчү майы кымбаттады. Айрым май куюучу станцияларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин жана дизель күйүүчү май тартыштыгы жаралды.

Кыргызстан жылына болжол менен 2 миллион тоннага жакын күйүүчү-майлоочу май керектейт. Бул көлөмдүн дээрлик 95 пайызын өлкө Россиядан импорттойт. Негизги жеткирүүлөр бензин, дизель күйүүчү майы, авиациялык керосин, битум жана сырт мунайга туура келет.