Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, ал өз жанын кыйган.

12-июлда Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө Алга айылынын тургуну, 2011-жылы туулган өспүрүмдүн жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Милициянын билдирүүсүнө караганда, өспүрүм үй-бүлөсүнө таандык унаа менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон байланышка чыкпай калган.

13-июль күнү кечинде өспүрүмдүн сөөгү Таш-Булак жайлоосунан табылган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзгөн.

Фото Баткен облустук ИИБдин басма сөз кызматы. Баткенде дайынсыз жоголгон 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды

Алдын ала маалыматтар боюнча, өспүрүм өз жанын кыйган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда милиция окуянын бардык чоо-жайын жана буга эмне себеп болушу мүмкүн экендигин аныктоо үчүн териштирүү иштерин жүргүзүүдө.