«Үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулду киргизүү жөнүндө»

Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, 2026-жылдын 1-июлунан тарта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Түндүк» ААК менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарынан үч жашка чейинки балдарга берилүүчү «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулуна арыздарды кабыл ала баштады.

Бир күндүн ичинде «Бала ырысы» жөлөк пулуна 14 миң 318 арыз түшүп, анын ичинен «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулун чектөө үчүн 13 миң 782 арыз кабыл алынды, бул жалпы көрсөткүчтүн 96,2 пайызын түзөт.

Өлкө жарандары тарабынан мобилдик тиркеме аркылуу 12 миң 205 арыз берилип жана кабыл алынган. Ал эми кагаз жүзүндө 1 миң 577 арыз ( толтурулган. Бул процессте министрликтин аймактык башкармалыктарынын жана «Түндүк» ААКтын кызматкерлери мобилдик тиркеме аркылуу арыз берүүгө көмөк көрсөтүштү.

Жалпы арыздардын ичинен 536сы кабыл алынган жок. Мунун негизги себеби — мамлекеттик маалыматтык системалардагы жана мамлекеттик маалыматтык ресурстардагы маалыматтардын дал келбестиги болуп саналат.

Арыздарды кабыл албай коюу себептери боюнча, Эмгек министрлиги келип чыккан тоскоолдуктарды четтетүү жана үч жашка чейинки балдардын «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөк пулуна жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү мамлекеттик органдар жана техникалык операторлор менен биргеликте ыкчам иш алып барууда.