Атайын операцияны кырдаалдык борбордон реалдуу убакыт режиминде УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков жетектеди.

Маалыматка ылайык, экстремисттер укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана дин ишмерлерине карата теракт уюштурууну пландашкан.

Такталгандай, Ош, Кызыл-Кыя шаарларында, ошондой эле Кара-Суу районунда жана Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында антитеррордук операция режими киргизилген. Ага милиция кызматкерлери, Чек ара кызматы, Коргоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын мэри катышты.

Атайын операциянын жыйынтыгында 31 шектүү кармалган — алардын 11и Ош облусунда, 20сы Баткен облусунда.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө диний-экстремисттик адабияттар, экстремисттик материалдар жазылган электрондук алып жүрүүчүлөр, катталбаган 4 даана ок атуучу курал, террордук уюмдардын символикалары жана чет өлкөлүк террордук көмүскө топторду каржылоого багытталган акча каражаттары табылган.

Жумгалбек Шабданбеков жарандардын коопсуздугун камсыздоону, кармалгандардын байланыштарын текшерүүнү, алардын мүмкүн болгон шериктерин жана каржылоо булактарын аныктоону тапшырды.

Мекеме терроризм жана экстремизм менен күрөш улуттук коопсуздукту камсыздоодогу негизги багыттардын бири бойдон каларын билдирди.