Бул маселе социалдык тармактарда кызуу талкуулангандан кийин Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борбору кырдаал боюнча түшүндүрмө берди.

«Биз суроонун түзүлүү тарыхын изилдеп чыктык. Эң башында эле техникалык себептерден улам сүйлөмдөн бир сөз (кесиптеш) түшүп калганы белгилүү болду. Дал ушул сөз суроонун туура жообун табууда негизги жардамчы болмок. Мындан улам абитуриенттер туура жооп берүүдө кыйынчылыктарга туш болушкан. Ар бир тесттик тапшырма түзүлгөндөн кийин психометрикалык талдоо жүргүзүлөт. Ал абитуриенттердин тигил же бул тапшырмада кандай кыйынчылыктарга туш болгонун көрсөтөт. Биздин адистер маселени кунт коюп үйрөнүп, тиешелүү чечим кабыл алышат», — деп түшүндүрүштү борбордон.

Адистердин айтымында, мындай учурларда көпчүлүк суроолор тесттен чыгарылат жана бул тесттин варианты туш келген бардык абитуриенттерге, суроого жооп бергенине же бербегенине карабастан, упай кошулуп берилет. Башка варианттарда бул тең салмактуулук ушундай эле принцип менен жөнгө салынат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда ЖРТнын алгачкы эки этабы аяктады. Июнь айында жүйөлүү себептер менен тестти тапшырууга үлгүрбөй калгандар үчүн үчүнчү этап өткөрүлөт.

2026-жылдан тарта ЖРТнын жыйынтыктары жогорку окуу жайларына гана эмес, колледждерге кирүү үчүн да милдеттүү болуп калды.

Бул жылы тестке катышуу үчүн 64 миңден ашык абитуриент катталган.