- Министр энергетики КР Алтынбек Рысбеков заявил, что плановых отключений электроэнергии в предстоящий отопительный сезон не будет.
- Возможны аварийные отключения из-за технических неисправностей, но бригады готовы к оперативному устранению.
- Кыргызстан планирует импортировать более 4 млрд кВт·ч электроэнергии, что составляет почти четверть потребности.
- Договоры на поставку заключены с Россией, Туркменистаном, Казахстаном и Узбекистаном.
- Собственная выработка Кыргызстана составит около 15 млрд кВт·ч, общее потребление — около 19 млрд кВт·ч.
«Биз күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдүк. Биздин пландарыбыз боюнча өчүрүүлөр болбошу керек. Бул үчүн аракет кылып жатабыз. Бирок авариялык өчүрүүлөр болот — бул техника. Буга эч ким кепилдик бере албайт. Атүгүл жаңы машиналарда да мүчүлүштүктөр чыгышы мүмкүн.
Албетте, кышкы мезгилде биз күчөтүлгөн тартипте иштейбиз. Бригадалар атайын техника жана тетиктер менен камсыз болот. Авариялык мүчүлүштүктөрдү жоюуда бизде чоң тажрыйба бар. Аларды ыкчам түрдө жоюп, керектөөчүлөргө электр энергиясын үзгүлтүксүз берип турабыз», — деди Энергетика министрлигинин башчысы.
Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы Кыргызстан 4 миллиард киловатт-сааттан ашык электр энергиясын сатып алары күтүлүүдө. Бул өлкөгө зарыл болгон көлөмдүн дээрлик чейрегин түзөт. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, аны жеткирүү келишимдери Россия, Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстан менен түзүлгөн.
Кыргызстандын өзүнүн электр энергиясын иштеп чыгуусу болжол менен 15 миллиард киловатт-саатты түзөрү, ал эми жалпы керектөө болжол менен 19 миллиард киловатт-саатка жетери белгиленди.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий