Маалыматка ылайык, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде чарчап калган ымыркайлардын саны 413тү түзгөн.

Көрсөтүлгөн мөөнөттө өлүмдүн негизги себептери төмөнкүлөр болду:

Перинаталдык мезгилде пайда болгон абалдарга байланыштуу — 271 бала (чарчап калган балдардын жалпы санынын 64 пайызы);

Тубаса кемтиктер менен — 81 ымыркай (19 пайызы);

Дем алуу органдарынын ооруларынан — 46 бала (11 пайызы).

Эскерте кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги перинаталдык кызматты 2030-жылга чейин реформалоону даярдап жатат.

Өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктарынын катарына төмөнкүлөр кирет:

Кош бойлуу аялдарды көзөмөлдөө жана бейтаптарды багыттоо тутумун өркүндөтүү;

Медициналык жардамдын сапатына басым жасоо менен антенаталдык байкоо жүргүзүү стандарттарын кайра карап чыгуу;

Пренаталдык скринингдин заманбап технологияларын киргизүү;

Үй-бүлөнү пландаштыруу ишин өнүктүрүү.