Анын жыйынтыгында, Соң-Көл көлүнүн чыгыш жээгинен балыкты мыйзамсыз уулоого аракет кылган деп шектелген жарандар кармалган. Кармалгандар Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын тургундары экени аныкталды. Алар:
Текшерүү учурунда шектүүлөрдөн 198 даана «Сиг-лудога» түрүндөгү балык, 20 даана синтетикалык балык уулоочу тор, эки үйлөмө кайык, жыгач кайык калактары, насос, кайык отургучтары, плащтар жана радиостанция табылып, алынган.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда. Соттук-ихтиологиялык экспертиза дайындалып, мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн тиешелүү органдарга суроо-талаптар жөнөтүлдү.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий