Фото Маданият министрлиги. Сыргакбек Джапаркулов

Сыргакбек Джапаркулов 1995-жылдын 17-июлунда туулган. Ал «Ала-Тоо» Эл аралык университетин «Эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк саясат» адистиги боюнча аяктаган. Ошондой эле IT-долбоорлорду башкаруу багытында кошумча билим алган.

Эмгек жолунда маданият, билим берүү, маалыматтык технологиялар жана жаштар саясаты тармактарында ар кандай кызматтарды аркалап келген. Акыркы жылдары К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында Кыргыз-Америка маалыматтык-ресурстук борборунун Maker Space жана American Spaces компьютердик борбор бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Ал эл аралык билим берүү жана маданий долбоорлорду ишке ашыруу, санариптик маданиятты өнүктүрүү, жаштар менен иштөө жана инклюзивдүү билим берүү программаларын уюштуруу боюнча тажрыйбага ээ. Ошондой эле долбоордук башкаруу, медиа жана коммуникация, англис тилин окутуу, аналитикалык жана изилдөө иштеринде иш алып барган.