Сынакта тандалынып алынган эмгектердин жыйынтыгы менен Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борборунун базасында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алгачкы музей коллекциясы түптөлөт.
Жеңүүчү деп табылган эмгектер мамлекеттик музей фондун толуктоого сунушталат.
Тандоо туру 2026-жылдын 7-июнунда төмөнкү жайларда өткөрүлөт:
Живопись багыты боюнча — Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде;
Скульптура багыты боюнча — Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун «Эмен багы» сүрөт галереясында.
Талапкерлерге коюлган талаптар жана арыздын формалары тууралуу толук маалымат Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий сайттарында жайгаштырылган.
Катышуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн арыздарды кабыл алуу онлайн жүргүзүлөт.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий