Бишкектин борборунда ири өрт чыкты. Шаар үстүнө кара түтүн көтөрүлүүдө
Учурда Бишкектин борборунда ири өрт кырсыгы катталууда.
Учурда Бишкектин борборунда ири өрт кырсыгы катталууда.
Opta аналитикалык порталы учурда футбол боюнча дүйнө чемпионатында жеңишке жетүүгө эң жогорку мүмкүнчүлүк Франция курама командасында деп эсептейт.
Ошто бир эле учурда 10 жаңы сквер ачылды. Жаңы жашыл аймактардын жалпы аянты 2,57 гектарды түздү.
Криштиану Роналду Португалия курама командасынын маалымат жыйынында учурдагы футбол боюнча Дүйнө чемпионаты анын карьерасындагы акыркысы болорун билдирди.
Гипертония менен ооруган бейтаптар көп учурда өз дартына жөнөкөй жана табигый дары табууну каалашат. Кызылча ширеси бул үчүн эң сонун талапкер сыяктуу көрүнөт. Ага толугу менен ишенсе болобу?
Бишкекте милиция кызматкерлери коомдук тартипти бузгандыгы үчүн үч чет элдик жаранды кармашты. Учурда аларды Кыргызстандан чыгаруу маселеси каралууда.
Алма — өлкөбүздөгү эң жеткиликтүү жана сүйүктүү жемиштердин бири. Бирок тандоого келгенде көп учурда адашып калабыз. Жашыл кычкыл алма алсакпы же кызыл таттуусунбу, жайдын алгачкы алмаларын сатып алсакпы же кышкы сортторун күтсөкпү? Көпчүлүк адамдар кычкыл алма арыктоого жакшы жардам берет. Ал эми кеч бышкан алмалар эрте бышкандарга караганда пайдалуураак деп ишенишет. Бул маселени айкалыштыруу үчүн aif.ru сайты нутрициология тармагындагы экспертке кайрылды.
Дональд Трамп Тегеран менен келишим түзүү тууралуу алгач ирет 2026-жылдын 23-мартында айта баштаган. Ал учурда АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу башталганына туура бир айга чукулдап калган, деп жазат Meduza.
ФИФАнын башчысы Джанни Инфантино футбол боюнча дүйнө чемпионатынын катышуучуларынын санын 64кө чейин көбөйтүүнү караштырып жатат. Ал эркектер арасындагы дүйнө биринчилигине катышкан өлкөлөрдүн санын көбөйтүү жөнүндө ойлонууну сунуштады. Эскерте кетсек, учурда АКШда өтүп жаткан мундиалга 48 курама команда катышууда.
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Каракол шаарынын жол, коммуналдык жана транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн берилген жаңы атайын техникалар жана автобустар менен таанышты. Ошол эле учурда, алынып келинген техникалардын бир бөлүгү сапат талаптарына жооп бербей турганы белгилүү болду.
Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы жана өлкөнүн ЕБдин «кара тизмесинен» расмий түрдө чыгарылышы — кыргыз мамлекетинин эл аралык аброюн жаңы деңгээлге көтөргөн жана өлкөнүн келечегин өзгөртүүгө кудуреттүү бурулуш учурдагы окуялар болуп саналат. Бул тууралуу Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде сүйлөп жатып билдирди.
The Athletic басылмасынын эксперттери 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына катыша турган эң күчтүү футболчулардын рейтингин түзүштү. Тизмени түзүүдө оюнчулардын жеке чеберчилиги гана эмес, алардын учурдагы формасы, физикалык даярдыгы, ошондой эле турнир учурунда негизги курамда талаага үзгүлтүксүз чыгуу мүмкүнчүлүгү да эске алынган.
Министрлер Кабинети макулатураны жана кагаз продукцияларынын калдыктарын өлкө аймагынан сыртка экспорттоого киргизилген убактылуу тыюуну дагы алты айлык мөөнөткө узартууну сунуштоодо. Учурда тиешелүү документ коомдук талкуулоо стадиясында турат.
Turmush — Сегодня, 1 июня, в городе Талас зафиксирован сильный ветер. Около 15:50 ветер снес кровли многоэтажных домов, расположенных по улицам Манаса и А.Оторбаева. Галерея: Талас шаарында катуу шамал үйлөрдүн чатырларын учурду
Дүйнө жүзүнөн келген 1,5 миллиондон ашык зыяратчы өткөн күнү Сауд Арабиясында ажылык амалдарын аткарууга киришти. Дүйнөдөгү эң чоң жана башкы мечит болгон «аль-Харамдын» короолоруна кондиционер жана абаны муздатуучу системалар орнотулду. Учурда синоптиктер абанын температурасы 47 градуска чейин көтөрүлөрүн айтышууда.
Британдык Radio Caroline радиостанциясы король Карл III каза болгонун жаңылыштык менен кабарлагандан кийин кечирим сурады. Бул окуя британ монархы каза болгон учурда радиостанциялар тарабынан колдонулуучу «Монарх» деп аталган протоколдун кокусунан ишке кирип кеткенинен улам келип чыккан. Станциянын жетекчиси Питер Мур протокол кокусунан активдешип кеткендиктен, Улуу даражалуу Королдун каза болгонун жаңылыш жарыялап алганын түшүндүрдү.
Жаңы окуу жылында 3- жана 8-класстын окуучулары 12 жылдык окуу тутумуна өтүшөт. Бул тууралуу Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте ата-энелер менен жолуккан учурда билдирди.
Turmush — Сегодня, 1 июня, в День защиты детей в центральном парке города Талас сильный ветер свалил ряд деревьев. В результате падения деревьев создалась опасная ситуация. Галерея: В центральном парке города Талас ветер повалил деревья. Ранее сообщалось, что в городе Талас сильный ветер снес кровли многоэтажек. Галерея: Талас шаарында катуу шамал үйлөрдүн чатырларын учурду
Нарын мамлекеттик коругунун бугу-марал питомнигинин аймагына кошумча 32 гектар жер тосулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
«Манас» эл аралык аэропортунун имаратынын башкы кире бериши масштабдуу реконструкциядан кийин ачылды.