Сауд Арабиясынын бийлиги зыяратты болушунча ыңгайлуу кылуу максатында, бул жылы жасалма интеллектти (ЖИ) камтыган жаңы санариптик технологиялар киргизилгенин маалымдады. Алардын катарында — 136дан ашык тилди колдогон ыкчам котормо системалары, адамдардын жана транспорттун кыймылын жөнгө салуучу интеллектуалдык технологиялар, ошондой эле багыт көрсөтүүчү навигатордон тартып курмандык чалууну уюштурууга чейинки 130дан ашык кызматты бириктирген жаңыланган Nusuk тиркемеси бар.

Белгилей кетсек, бул жылкы Меккеге зыярат кылуу АКШ менен Ирандын ортосундагы туруксуз ок атышууну токтотуу келишиминин жана буга байланыштуу аймактык чыңалуунун фонунда өтүп жатат.

Мусулмандар үчүн ажылык — бул ыйык руханий максат, Жараткандан кечирим суроо жана өткөн күнөөлөрүнөн арылуу мүмкүнчүлүгү.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2026-жылы Сауд Арабиясы биздин өлкөгө 6 миң 60 зыяратчы үчүн квота бөлгөн. Кыргызстандыктар түшкөн алгачкы каттам Меккеге 11-майда учкан.