Бишкекте автобустарда балдар коляскаларын ташууга акы алынбашы мүмкүн
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык автобустарда балдар коляскаларын акысыз ташууну камсыз кылууну тапшырды. Алгач бул жаңылыкты бир айлык мөөнөткө пилоттук долбоор катары ишке киргизүү пландалууда.